Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2021-жылдын 17-февралы № 48

 

"Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Экономика жана финансы министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министр

 У.А. Марипов

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

130-беренесинде:

а) 1-бөлүгү "тигил же бул" деген сөздөрдөн кийин "айыл аймакта жана" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 3-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрине кирген кен чыккан жерлер боюнча чегерүүлөр төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:";

в) 4-бөлүгүндөгү "Алтындын запасы 50 тоннадан азды түзгөн" деген сөздөр "Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрине кирбеген" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

г) 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти