Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 26-ноябры № 581
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын гобу тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 581 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын тобу тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Бул мыйзамдын долбоору тракторлорду жана автотранспорт каражаттарын чогултуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу комплекттөөчү деталдарды кошумча нарк салыгын (мындан ары - КНС) төлөөдөн бошотуу максатында иштелип чыккан.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аймагына жогоруда аталган товарларды импорттоого Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык 12 пайыз өлчөмүндө КНС салынат.
Кыргыз Республикасынын аймагында тракторлорду жана автотранспорт каражаттарын чогултуу боюнча өзүнүн ишин жүргүзгөн чарбакер субъекттерди импортко КНС төлөөдөн бошотуу өнөр жай өндүрүшү секторуна, жумуш орундарынын көбөйүүсүнө жана айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүшүнө оң таасирин тийгизет.
Кыргыз Республикасы ата мекендик экономикада айыл чарбасы алдыңкы позициялардын бирин ээлеген тоолуу агрардык өлкө экендигин эске алуу менен, айыл чарба машина курууну өнүктүрүү жана агрардык өндүрүштү механизациялоо каражаттарынын рыногун өнүктүрүү үчүн төмөнкү биринчи кезектеги милдеттерди чечүү зарыл:
- айыл чарба техникасынын бардык түрлөрүнө карата жогорку суроо-талапты экономикалык жана финансылык колдоону камсыздоо;