Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 7-мартындагы № 98
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11, 2021-жылдын 6-августундагы № 116, 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259, 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510 , 2024-жылдын 12-февралындагы № 53
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги (мындан ары - Министрлик) суу ресурстары, анын ичинде суу фонду, ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу, жерлерди мелиорациялоо, ирригациялык жана мелиоративдик инфраструктура, агроөнөр жай комплекси, анын ичинде мал чарбачылыгы, ветеринария, балык өстүрүү (аквакультура), өсүмдүк өстүрүү, өсүмдүктөрдүн карантини, айыл чарба багытындагы жерлер (айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду жана жайыттар), тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы (этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылууну кошпогондо), жер жана суу мыйзамдарын колдонууда жана сактоодо бир түрдүүлүктү камсыз кылуу, ошондой эле ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук жаатында мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо жана Кыргыз Республикасынын жер жана суу мыйзамдарын сактоо, ошондой эле жашыл жана органикалык айыл чарба, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу айыл чарбадагы адаптациялык жана митигациялык чаралар чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда бекитилген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин укуктук мураскери болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Министрлик өзүнүн ишин аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, ишканалар жана мекемелер менен өз ара байланышта жүргүзөт.
5. Министрлик юридикалык статуска ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, ошондой эле казыналык системасында эсептери болот. Министрлик өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилелерди түзөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамиленин тарабы болуп чыгууга укуктуу.
Министрликтин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 "А".
6. Министрликтин толук аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги";
расмий тилде: "Министерство водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Министрликтин максаты
7. Министрликтин максаты азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, айыл чарба өндүрүшүнүн, тамак-аш өндүрүшүнүн атаандашууга жөндөмдүүлүгүн, класстердик өндүрүштүн негизинде кошумча нарктын чынжырчасын өнүктүрүү, ветеринардык, фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо, айыл чарба, жер, суу, токой чарбасын өнүктүрүү, ошондой эле жер мыйзамдарынын, суу пайдалануунун, суу объектилерин жана суу чарба инфратүзүмдөрүн күтүүнүн, суу ресурстарын пайдалануу эрежелеринин талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11, 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259 токтомдорунун редакцияларына ылайык)