Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 7-марты № 98
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 544, 2025-жылдын 27-январындагы № 39, 2025-жылдын 14-февралындагы № 69, 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221, 2025-жылдын 20-майындагы № 264, 2025-жылдын 5-июнундагы № 321, 2025-жылдын 28-августундагы № 531, 2025-жылдын 17-сентябрындагы № 586 , 2025-жылдын 2-октябрындагы № 627, 2026-жылдын 10-февралы № 74 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 25-декабрындагы № 354 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин натыйжалуу ишин уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92, 93, 94-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр өткөрүп берилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз ирригация илимий-изилдөө институту тиешелүү функциялары, штаттык саны, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын карамагына;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин карамагынан тиешелүү функциялары, штаттык саны, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын карамагына;
3) "Насостук-күч жабдууларын оңдоо боюнча эксперименталдык завод" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын карамагына;
4) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары каражаттары департаменти тиешелүү функциялары, штаттык саны, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын карамагына.
2. Төмөнкүлөр кайра аталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу" мамлекеттик мекемеси болуп;
2) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо боюнча департамент Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаменти болуп;
3) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти болуп;
4) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаменти Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти болуп;
5) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаменти Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарбада кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаменти болуп;
6) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаменти Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти болуп;
7) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары каражаттары департаменти Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын алдындагы "Ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошумчалары борбору" мамлекеттик мекемеси болуп;