Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 17-марты № 99
Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 800 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик ишканаларды иштетүү, кайра уюштуруу жана жоюу боюнча бирдиктүү ченемдерди аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-декабрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасынын уставы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 800 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 800 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 26-мартындагы № 26 (3205) жарыяланды
Премьер-министр | У.А. Марипов |
|
| 1-тиркеме |
|
|
"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасынын уставы
1. Жалпы жоболор
1. "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) чарба жүргүзүү укугунда негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, анын мүлкү мамлекеттин менчигинде турат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тармактык мамлекеттик органынын актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (мындан ары - мамлекеттик башкаруу органы) саналат.