Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 407 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 23-марты № 108
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 "Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумун өркүндөтүү максатында, "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 "Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жободо:
- 13-пунктунда:
төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи-онунчу абзацтар менен толукталсын:
"- Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун башкаруу органдарын жана күчтөрүн даярдоо боюнча пландалган иш-чараларды бекитилген пландардын алкагында жүзөгө ашыруу;
- калкка, объектилерге жана турмуш-тиричилик инфраструктурасына өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучун болтурбоо максатында превентивдүү, атайын, инженердик жана башка уюштуруу-техникалык иш-чараларын жүргүзүү;
- Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун күчтөрүн жана каражаттарын, резервдерин, жайгашуу орундарын аларды иштетүү тартибин тактоо;";
он экинчи абзацы "өзгөчө кырдаалдарды" деген сөздөрдөн кийин "алдын алуу жана" деген сөздөр менен толукталсын;
он алтынчы абзацындагы ", зарылчылыкка жараша кырсык мүмкүн болуучу райондогу абалдын начарлоо себебин аныктоо, анын кадимкидей абалга келиши боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн ыкчам топторду түзүү" деген сөздөр алып салынсын;
он жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ыкчам нөөмөттүк жана нөөмөттүк-диспетчердик кызматтардын курамын күчөтүү, алар жок болгон учурда - күнү-түнү ыкчам нөөмөттү уюштуруу;";