Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 407 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 токтомуна) |
Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун иштөө тартибин аныктайт.
2. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму - Кыргыз Республикасынын башкаруу органдары, мамлекеттик органдарынын күчтөрү жана каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелери жана ыктыярдуу уюмдары элементтери болуп эсептелген жалпы мамлекеттик тутум болуп саналат, ал тынчтык жана согуш мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдарда Кыргыз Республикасынын калкын жана аймактарын коргоо боюнча иш-милдеттерди аткарат.
3. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумун уюштуруу-укуктук жактан жөнгө салуу "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык ишке ашырылат.
4. Жарандык коргонуу боюнча иш-чаралар Жарандык коргонуунун тынчтык жана согуш мезгилиндеги пландарына, тиешелүү мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар тарабынан белгиленген тартипте иштелип чыгуучу Жарандык коргонуунун даярдык пландарына жана Жарандык коргонуу жаатындагы башка пландарга ылайык ишке ашырылат.
5. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму аймактык-тармактык принцип боюнча экономикалык, жаратылыштык жана башка мүнөздөмөлөрдү, ошондой эле калктын ар кандай топторунун демографиялык, гендердик, маданий өзгөчөлүктөрүн, аймактардын өзгөчөлүктөрүн жана өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучунун даражаларын эске алуу менен түзүлөт.
6. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунда Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды пландаштырууну уюштуруу-методикалык жактан жетектөө Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
2. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун түзүмү
7. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму административдик-аймактык бирдиктин базасында түзүлгөн аймактык тутумчадан, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун базасында түзүлгөн тармактык тутумчалардан жана Жарандык коргонуу жаатындагы маселелерди чечүү үчүн түзүлгөн атайын тутумчадан турат.
8. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумун башкаруу ушул Жобого тиркелген схемага ылайык жүргүзүлөт.
9. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун аймактык тутумчасы башкаруу органдарын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын күчтөрү менен каражаттарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүн камтыйт.
10. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун тармактык тутумчасы башкаруу органдарын, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун күчтөрүн жана каражаттарын камтыйт.