Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 30-мартындагы № 185
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2021-жылдын 8-апрели № 135
Маданият, искусство жана маалымат чөйрөсүндөгү кызматкерлердин эмгек акысын төлөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттарын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 9 жана 10-тиркемелери ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 429 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү жана он бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"- "улуттук" статусу же "академиялык" ардак наамы бар маданият жана искусство мекемелеринин тизмеси, 13-тиркемеге ылайык;
- республикалык, облустук жана райондук музейлердин тизмеси, 14-тиркемеге ылайык.";
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Төмөнкү кызматкерлердин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга төмөнкүдөй эселүүлүк коэффициенти белгиленсин:
1) "улуттук" статусу же "академиялык" ардак наамы бар мекемелердин кызматкерлери үчүн 2,0 өлчөмүндө, 13-тиркемеге ылайык;
2) республикалык, облустук жана райондук музейлердин кызматкерлери үчүн 1,8 өлчөмүндө, 14-тиркемеге ылайык;
3) ушул токтомдун 13 жана 14-тиркемелерине кирбеген мекемелердин кызматкерлери үчүн 1,5 өлчөмүндө.";