Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 84 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-июлундагы № 344, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 676, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 722, 2024-жылдын 24-июнундагы № 336, 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 577, 2025-жылдын 28-октябрындагы № 704, 2026-жылдын 5-февралындагы № 63 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги (мындан ары - Коргоо министрлиги) аткаруу бийлигинин коргоо маселелерин тескеген, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн коргоону камсыздоого багытталган Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмүн чыңдоо боюнча мамлекеттик саясатты жана чараларды иштеп чыгуучу жана жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органы болуп эсептелет.
2. Коргоо министрлиги өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Президенти - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин, коргоо министринин буйруктарын, директиваларын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 336 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Коргоо министрлиги юридикалык жактын статусуна ээ, өзүнүн символикасы, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталыштары менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү жана иши үчүн зарыл болгон башка атрибуттары бар.
Коргоо министрлиги жарандык-укуктук мамилелерге өзүнүн атынан катыша алат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамилелердин тарабы катары чыгууга укуктуу.
Аталышы:
а) кыргыз тилинде - "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги";
б) орус тилинде - "Министерство обороны Кыргызской Республики".
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, № 26.
Уюштуруу-укуктук формасы - мекеме.
4. Коргоо министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен каржыланат. Коргоо министрлигинин Казыналык системада республикалык жана атайын эсептери бар.
Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын укук улантуучусу болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер (күчтөр) командачылыктары, кошуундары, аскер бөлүктөрү жана мекемелери юридикалык жактын укуктарына ээ.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 336 токтомунун редакциясына ылайык)