Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 5-февралы № 63
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз
Республикасынын Министрлер Кабинетинин министрликтердин
алдындагы коомдук кеңештердин иши чөйрөсүндөгү айрым
чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-июлундагы № 493 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жободо:
– 17-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жободо:
– 16-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 84 “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жөнүндө жободо:
– 12-пункттун тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жободо:
– 25-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө жободо: