Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 26-февралы № 63
Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификациялоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 630 токтомунун редакциясына ылайык)
Курулуш тармагынын адистерине квалификациялык сертификаттарды берүү жана алуу маселелерин жөнгө салуу максатында, "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 жана 4-беренелерине. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификациялоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо жүргүзүлүүчү адистиктердин тизмеси, 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом күчүнө киргенге чейин берилген жана узартылган сертификаттардын негизинде кесиптик ишин жүргүзүп жаткан адистерге сертификаттарды мөөнөтсүз сертификаттарга алмаштыруу алардын арыздарынын негизинде колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин же эгерде мөөнөтүнөн мурда алмаштыруу жөнүндө арыз берилбесе колдонуу мөөнөтү аяктаганда жүргүзүлөрү белгиленсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 3-апрелиндеги № 188 "Курулуш тармагындагы адистерге мамлекеттик квалификациялык сертификаттоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-февралындагы № 75 "Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификаттоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 3-апрелиндеги № 188 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы № 47 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 3-апрелиндеги № 188 "Курулуш тармагындагы адистерге мамлекеттик квалификациялык сертификаттоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 18 (3197) жарыяланды