Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 13-июлу № 73
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-февралындагы № 89 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборун түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-февралындагы № 89 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборун түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) преамбуласындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен, "Жогорку сотунун Конституциялык палатасында" деген сөздөр "Конституциялык сотунда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Соттук өкүлчүлүк борбору (мындан ары - Борбор) түзүлсүн.";
4) 2-пунктунда:
экинчи абзацындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен, "Жогорку сотунун Конституциялык палатасында" деген сөздөр "Конституциялык сотунда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен, "Жогорку сотунун Конституциялык палатасында" деген сөздөр "Конституциялык сотунда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзацындагы "Жогорку сотунун Конституциялык палатасында" деген сөздөр "Конституциялык сотунда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жетинчи абзацындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен, "Жогорку сотунун Конституциялык палатасында" деген сөздөр "Конституциялык сотунда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
тогузунчу абзацындагы "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
онунчу абзацындагы "Өкмөтүнүн Аппараты" деген сөздөр "Президентинин Администрациясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Борбор жөнүндө жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
6) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Борбордун мамлекеттик органдар менен өз ара байланышта иштешүүсүнүн регламенти ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
7) 8-пунктунда:
биринчи абзацындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 16-июлундагы N 80 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| У.Марипов |
|
| 1-тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Соттук өкүлчүлүк борбору жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Соттук өкүлчүлүк борбору (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жана жергиликтүү сот органдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо коргоого арналган.
1. Жалпы жоболор
1. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Борбордун уюштуруу документи болуп Жобо эсептелет.
3. Борбордун толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Соттук өкүлчүлүк борбору";
- расмий тилде: "Центр судебного представительства Кабинета Министров Кыргызской Республики".
4. Борбор ыкчам башкаруу укугунда негизделген, мекеменин уюштуруучулук-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат.
Борбор ыкмам башкарууга берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.
Борбордун негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттары, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын казыналык системасындагы алыш-бериш эсептери бар.
Борбордун мамлекеттик жана расмий тилдердеги өз аталышы менен гербдүү мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка визуалдык жекелештирүү каражаттары бар.
5. Борбордун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 59.