Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 729 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 17-февралы № 49
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн кошуп эсептөө жана төлөө механизмдерин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускамада:
- 18-пунктунун 3-пунктчасынын экинчи абзацындагы "ушул жылдын 15-июлуна чейин 50% жана кийинки жылдын 15-январына чейин 50%" деген сөздөр "ушул Нускаманын 77-пунктуна ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 21-пунктундагы "салыктык" деген сөз "салык органында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 96-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"96. Карыздар түзүлгөндө жана/же камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча тартип бузуулар аныкталганда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү төлөөчүгө карыздар жана/же тартип бузуулар аныкталган датадан тартып беш иш күнүнөн кеч эмес мөөнөттө ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча чечимди жиберет.";
- жогоруда аталган Нускаманын 2-тиркемесинде:
"Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн башчысынын аты-жөнү" деген сөздөр "Камсыздоочунун региондук органынын башчысынын аты-жөнү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Нускаманын 4-тиркемесинде:
"_______ сом суммасында (суммасы жазуу түрүндө) ______________ даана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөнгөндүгү жөнүндө банк квитанцияларынын түп нускасы тиркелет" деген сөздөр "Айыл чарба кооперативинин мүчөлөрү тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнгөндүгү жөнүндө банк квитанциясынын, чектин же төлөм тапшырмасынын көчүрмөлөрү тиркелет" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Нускаманын 5-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.