Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1 августу № 393
Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш айыл аймагынын Сары-Таш айылында жайгашкан маданият үйүнүн имаратын Сары-Таш айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 6-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз «Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте Ош облусу, Алай району, Сары-Таш айыл аймагы, Сары-Таш айылы, Мээрим-3 көч., № 18 дареги боюнча жайгашкан аянты 564,48 кв. метрди түзгөн жер участогу менен маданият үйүнүн имаратын Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
2. Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш айыл өкмөтүнө белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектини муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- объектини кайра мамлекеттик каттоодон өткөрүү;
- аталган объекттин сакталышын, аны максаттуу багыты боюнча пайдаланууну камсыз кылуу.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |