Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2015-жылдын 31 июлу № 549
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Арапбаев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Арапбаев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-июлундагы № 549 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Арапбаев демилгелеген, жаңы жабдууларды пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын аймагында өздүк өндүрүштөгү товарларды чыгаруу жана сатуу, анын ичинде товарларды кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган товарларды чыгаруу жана сатуу боюнча иш жүргүзгөн ата мекендик уюмдар үчүн 0 пайыз өлчөмүндөгү пайдага өндүрүлгөн продукцияны сатуудан түшкөн кирешенин суммасы 170000000 сомдон кем болбогон; киреше салыгынын төлөм суммасы 150000 сомдон кем болбогон; уставдык капиталдын төлөмү 10000000 сомдон кем болбогон учурда салык колдонууну караштырган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүнү билдирет.
Ушуга байланыштуу, айрым чарба субъекттерине берилүүчү каалагандай салыктык жеңилдиктер, салык салуунун негизги принциптеринин бири болгон, бардык чарба субъекттери үчүн чарба жүргүзүүнүн бирдей шарттарын жана адилеттүүлүк, тең укуктуулук принциби боюнча айрым чарба субъекттеринин ортосунда салыктарды бөлүштүрүү механизмин түзүүнү шарттаган, адилеттүүлүк принцибин бузууга алып келээрин белгилөө зарыл.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 10-беренесине ылайык, жеке мүнөздөгү салыктык жеңилдиктерди берүүгө тыюу салынат. Мыйзамдын долбоорунда көрсөтүлгөн критерийлерге шайкеш келген ишканаларга жеңилдик берүү чакан жана орто ишкердик субъекттердин укугун басынтууга алып келет.
Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу пайдага салыктарды башкарууда кыйынчылыктарды пайда кылат, бул пайдага салык төлөөдөн качуу боюнча өзүнчө схемалардын пайда болушуна мүмкүндүк берет, анткени товарларды өндүрүү жана сатуу процессинде жаңы же эски жабдууларды пайдалангандыгын аныктоого кыйын болот жана иш жүзүндө мүмкүн эмес, себеби, салык кызматынын кызматчылары атайын техникалык билимге ээ эмес.
Мисалы, тигүү өндүрүшүн алсак, продукцияны чыгаруу процессинде жабдуулардын ар кандай түрү колдонулат (тигүү машинасы, оверлок, бычуучу жабдуулар жана башкалар).
Ошондой эле мыйзамдын долбооруна ылайык салык төлөөчү ар бир беш жылдык салыктык мезгилдин жыйынтыгы боюнча, тактап айтканда беш жылдын ичинде алган пайдасына карата салык салуу тартибин (0 пайыздык) колдонуу укугуна ээ боло турганын белгилөө зарыл.