Редакцияот 17.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 17-марты № 157

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана мекемелерине автоунаа каражаттарын өткөрүп берүү жөнүндө

 

Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө автомобиль техникасын берүү жөнүндө макулдашууда каралган гранттын эсебинен алынган автоунаа каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 257-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 25-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана мекемелерине ыкчам башкарууга 21 автоунаа каражаты тиркемеге ылайык өткөрүп берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунаа каражаттарын өткөрүп берүү боюнча зарыл чараларды көрүшсүн;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигин кошпогондо, мамлекеттик органдардын жана мекемелердин Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына караштуу "Автотранспорттук бирикме" мамлекеттик ишканасы менен автоунаа каражаттарын тейлөөгө келишим түзүүлөрүн камсыз кылышсын.

3. Мамлекеттик органдар жана мекемелер белгиленген тартипте:

- ушул токтомдун тиркемесине ылайык автоунаа каражаттарын ыкчам башкарууга өткөрүп алышсын;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык автоунаа каражаттарын кайра каттоону жүргүзүшсүн.

4. Ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарга жана мекемелерге автоунаа каражаттары ыкчам башкарууга өткөрүп берилген күндөн тартып бажы алымдарын жана салыктардын шарттуу эсептелген суммасын төлөө боюнча милдеттенме токтотулары белгиленсин.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2014-жылдын 21-мартында № 20 жарыяланды

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 157 токтомуна тиркеме

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана мекемелерине ыкчам башкарууга өткөрүп берилүүчү автоунаа каражаттарынын ТИЗМЕСИ

№

Мамлекеттик органдын аталышы

Автомашинанын чыккан жылы

Автомашинанын кузовунун номери

Автомашинанын кыймылдаткычынын номери

"Датум" маркасындагы автомашина

1

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

2012

LSKG5GC17CA215798

R9129005676

"Кадиллак" маркасындагы автомашиналар

2

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

2013

LSGGH59LODS045911

123550155

3

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

2013

LSGGH59L5DS046780

123560378

4

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

2013

LSGGH59L0DS046007

130240315

5

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

2013

LSGGH59LXDS044569

130040067

6

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

2013

LSGGH59L9DS044837

130040076

7

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

2013

LSGGH59L3DS045952

130040171

8

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

2013

LSGGH59L2DS045909

123560348

9

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

2013

LSGGH59L0DS045908

123550153

10

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

2013

LSGGH59L1DS045853

123550149

11

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

2013

LSGGH59L3DS045451

130280004

12

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

2013

LSGGH59L1DS046162

130040176

13

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия

2013

LSGGH59LODS046301

130240258

14

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы

2013

LSGGH59L0DS046010

130040065

15

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы

2013

LSGGH59L8DS045591

130040064

16

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги

2013

LSGGH59L0DS046671

123530512

17

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги

2013

LSGGH59L0DS045391

130250842

18

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

2013

LSGGH59L0DS046668

130020136

19

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги

2013

LSGGH59L4DS052523

130370281

20

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги

2013

LSGGH59L8DS047275

130220261

21

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги

2013

LSGGH59L1DS047277

130030188