Редакцияот 16.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 16-августу № 134

2021-жылдын 16-февралында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин көрсөтүлгөн чөйрөдөгү мыйзамдарын айкалыштыруу максатында Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) принциптери жана ыкмалары жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2021-жылдын 16-февралында Москва шаарында кол коюлган расмий тилдеги Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин көрсөтүлгөн чөйрөдөгү мыйзамдарын айкалыштыруу максатында Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) принциптери жана ыкмалары жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Председатель

У.Марипов