Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 10-майындагы № 231 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 39 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерин аныктоо методикасы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын (мындан ары - мамлекеттик колледждер) бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерин аныктоо методикасында колдонулуучу негизги ыкма болуп бир студентке эсептегенде мамлекеттик колледждердин бюджетин пландоо саналат.
2. Мамлекеттик колледждерди бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдери (мындан ары - чыгымдардын ченемдери) деп негизги кесиптик билим берүү программаларынын мазмунун, бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатына базалык талаптарды, студенттер үчүн жол берилүүчү окуу жүктөмүн аныктаган ченемдердин жана эрежелердин жыйындысы катары билим берүү ченемин ишке ашырылуу түшүнүлөт.
3. Мамлекеттик колледждердин чыгымдарынын ченемдеринин наркын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен бекитилген ченемдер колдонулат.
4. Ушул Методикада төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
1) билим берүү процесси - орто кесиптик билим берүүнүн жалпы билим берүүчү программасын ишке ашыруунун алкагындагы окутуу-тарбиялоо процесси;
2) билим берүү чөйрөсү - окутуу-тарбиялоо процессин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон социалдык, материалдык жана тиричилик шарттарынын жыйындысы.
2-глава. Мамлекеттик колледждердин чыгымдарынын ченемдеринин түзүмү
5. Чыгымдардын ченемдери билим берүү процессине жана билим берүү чөйрөсүнө карата учурдагы чыгымдарды камтыйт.
Билим берүү процесси төмөнкүлөргө чыгымдарды камтыйт:
1) персоналга эмгек акы төлөөгө;
2) стипендияларды төлөөгө;
3) окутууда чыгымдалуучу материалдарга;