Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 10-майы № 231
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын каржылоо тартиби жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 89 токтомунун редакциясына ылайык)
Башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын каржылоо боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү, мамлекеттик финансылык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50, 54-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын бир билим алуучуга эсептелген бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдери (мындан ары - типтүү ченемдер) 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын бир билим алуучуга эсептелген бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдери (мындан ары - типтүү ченемдер) 2-тиркемеге ылайык;
3) мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээли жана даярдоо багыттарынын (адистиктердин) топтору үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээлине түзөтүү коэффициенттери 3-тиркемеге ылайык;
4) Ченемдик каржылоо шарттарында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын каржылоо тартиби 4-тиркемеге ылайык;
5) Мамлекеттик билим берүү грантынын негизинде Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын каржылоо тартиби 5-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - БИМ) башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын чыгымдары ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген типтүү ченемдерге ылайык билим алуучулардын саны боюнча аныкталат, экономикалык классификациянын чыгымдарынын бардык беренелери боюнча бекитилет жана бөлүштүрүлөт;
2) ченемдик каржылоого өткөрүлбөгөн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын кесиптик окуу жайларынын жана Кыргыз-Түрк "Анадолу" кесиптик кыздар лицейинин чыгымдары колдонуудагы жол-жоболорго ылайык сарптоолордун бардык беренелери боюнча чыгымдарды эсептөө жолу менен аныкталат;
3) жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын чыгымдары ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээлинин негизинде грант алуучулардын саны боюнча аныкталат, экономикалык классификациянын чыгымдарынын бардык беренелери боюнча бекитилет жана бөлүштүрүлөт;
4) Мамлекеттик билим берүү грантынын негизинде Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын каржылоо тартиби Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жогорку окуу жайларына жайылтылбайт;
5) Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына грант алуучулардын саны боюнча аныкталган гранттык каражаттардын көлөмү министрликтердин жана ведомстволордун "Борборлоштурулган иш-чаралар" чыгымдар сметасында чыгымдардын бирдиктүү беренеси боюнча каралат жана каржыланат. Чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык өзгөчө статуска ээ болгон ЖОЖдорго каралган каражаттар квартал сайын мамлекеттик катышуу үлүшү бар коммерциялык банктардагы банктык эсептерине которулат. Өзгөчө статуска ээ болгон ЖОЖдордун атайын (бюджеттен тышкаркы) каражаттары коммерциялык банктардагы банктык эсептерге киргизилет жана казыналык системасынан тышкары эсепке алынат;
6) ченемдик каржылоо шарттарында БИМдин башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин штаттык санын түзүү билим алуучулардын санына жана ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген типтүү ченемдерге ылайык эсептелген, бекитилген бюджеттин чегинде жүргүзүлөт;
7) жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилери мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде каржылоо шарттарында көзөмөлчүлүк кеңеш менен макулдашуу боюнча бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча чыгымдардын сметасынын чегинде штаттык расписаниени өз алдынча түзүүгө жана бекитүүгө укуктуу;