Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 10-майындагы № 231 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 39 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын чыгымдарын ченемдик каржылоо шарттарында түзүүнүн жана аткаруунун тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип республикалык бюджеттин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын (мындан ары - мамлекеттик колледждер) чыгымдарын каржылоо механизмин аныктайт.
2. Мамлекеттик колледждердин чыгымдар сметаларын түзүү, бекитүү жана аткаруу мөөнөттөрү боюнча жалпы жол-жоболор Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги тарабынан бекитилген формалар боюнча аныкталат.
2-глава. Мамлекеттик колледждерди бюджеттик каржылоонун көлөмдөрүн түзүү
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги адистиктер боюнча студенттердин санына жана бир студентке карата мамлекеттик колледждерди бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерине (мындан ары - чыгымдардын ченеми) ылайык ченемдик каржылоого өткөрүлгөн мамлекеттик колледждердин бюджеттик чыгымдарын аныктайт.
4. Мамлекеттик колледждердин келерки жылга карата чыгымдар сметасын түзүү үчүн пландалган мезгилдин башына карата студенттердин болуусун жана жыл ичинде кабыл алуу, бүтүрүп чыгаруу жана айрым студенттердин окутуу мөөнөтү аяктаганга чейин окуудан кетүүсүнө байланыштуу өзгөрүүлөрдү эске алуу менен студенттердин орточо жылдык саны эсептелет. Бул көрсөткүчтөр жеке жактар түрүндө алынат.
Студенттердин орточо жылдык санын эсептөөнүн мисалы:
- жылдын башына карата студенттердин иш жүзүндөгү саны - 200 адам;
- 1-сентябрдан баштап студенттерди кабыл алуу - 100 адам;
- 1-июлдан баштап студенттерди бүтүрүп чыгаруу - 80 адам.
Жылдын башына карата жеке жактар түрүндө аныкталган студенттердин иш жүзүндөгү саны орточо жылдык санга барабар деп кабыл алынат.
Студенттерди кабыл алуунун орточо жылдык саны окуу жылы 1-сентябрдан башталгандыгын эске алуу менен аныкталат, башкача айтканда студенттер учурдагы жылда 4 ай окушат жана студенттердин физикалык санын 100 адам деп кабыл алууда, орточо жылдык кабыл алуу 33 студентти түзөт (100 адам х 4 ай : 12 ай).
Студенттерди бүтүрүп чыгаруунун орточо жылдык санын аныктоо алар жыл ичинде окубаган убакыттын узактыгына жараша жүргүзүлөт. Студенттердин физикалык саны 80 адам болгон учурда орточо жылдык бүтүрүп чыгаруу 40 студентти түзөт (80 адам х 6 ай : 12 ай).