Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 7-мартындагы № 98
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 14-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаменти жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347, 2023-жылдын 3-мартындагы № 122 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаментинин (мындан ары - Департамент) ишин жөнгө салат жана Департаменттин милдеттерин, функцияларын жана ишинин тартибин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин укук улантуучусу болуп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Департамент Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат, жайыт башкаруу жана пайдалануу, мал чарбачылыгын өнүктүрүү жана асыл тукум ишин жүргүзүү жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды аткарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин чечимдерин, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын түзүмдүк бөлүгү болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Департамент өз ишин аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитеттери, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар, Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволору менен компетенциясынын чегинде өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт.
6. Департамент мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп эсептелет, анын өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш эсеби, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана юридикалык жактын башка атрибуттары болот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Департаменттин расмий аталышы: