Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 7-мартындагы № 98
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 18-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаменти жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) машина-трактордук паркты модернизациялоо жана жаңылоо, айыл чарба өндүрүшүнүн жана айыл чарбасынын кайра иштетүү тармагынын механизациялоо деңгээлин жана техникалык потенциалын жогорулатуу, агрардык тармактын бардык секторлору боюнча энергиянын ресурстарды үнөмдөөчү жаңы булактарын жана инновациялык технологияларды киргизүү, айыл чарба кооперативдерин түзүү боюнча, ошондой эле айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө техникаларды жана жабдууларды берүү боюнча лизингдик кызматтарды көрсөтүү боюнча иштерди уюштуруу жаатындагы иштерди аткаруучу ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Айыл , суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Айыл чарбасын механизациялоо жана энергия менен камсыздоо департаментинин укук улантуучусу болуп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Департамент юридикалык жак болуп саналат, республикалык бюджеттен каржыланат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, штампы, мамлекеттик жана расмий тилдердеги фирмалык бланктары, казыналык системасында атайын жана башка эсептери бар.
5. Департаменттин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаменти" мамлекеттик мекемеси;
- расмий тилде: государственное учреждение "Департамент механизации, инновационных технологий и кооперации сельского хозяйства при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "МИТАЧКД" - Механизация департаменти;