Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 15-марты № 94
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык саясаты чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 122 "Таза аба маселеси жана салыктык башкарууну өркүндөтүү боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө", 2020-жылдын 22-августундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамдарын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85 жана 86-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамымын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 234 "Кыйыр салыктар боюнча салык отчетунун, товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын, акциздик товарларды алдыдагы алуу, товарларды ташып келүү (ташып кетүү) жөнүндө кабарлоонун формаларын жана аларды толтуруу тартиптерин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыйыр салыктар боюнча отчеттун формасын толтуруу жана берүү тартибинде:
- 70-77-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"70. 403-уячада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесине ылайык эсептелген жогорку температурадагы таш көмүр чайырын чыгаруудан чыккан майга жана башка өнүмдөргө; жыпар жыттуу курамдык бөлүктөрдүн салмагы жыпар жыттуу эмес курамдык бөлүктөрдүн салмагынан жогору болгон ушуга окшош өнүмдөргө: отун катары пайдалануу үчүн бензолго акциз салыгын кошуп эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда жогорку температурадагы таш көмүр чайырын чыгаруудан чыккан майдын жана башка өнүмдөрдүн; жыпар жыттуу курамдык бөлүктөрдүн салмагы жыпар жыттуу эмес курамдык бөлүктөрдүн салмагынан жогору болгон ушуга окшош өнүмдөрдүн: отун катары пайдалануу үчүн бензолдун көлөмдөрүн тонна менен көрсөтүү керек.
71. 404-уячада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесине ылайык эсептелген жаратылыш газ конденсатына: тыгыздыгы 20 ºС 650 кг/мЗ кем эмес, бирок 850 кг/мЗ көп эмес жана салмагы 1,0% дан көп эмес күкүрттү камтыган туруктуу газ конденсатына, башкаларга акциз салыгын кошуп эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда жаратылыш газ конденсатынын: тыгыздыгы 20 ºС 650 кг/м3 кем эмес, бирок 850 кг/м3 көп эмес жана салмагы 1,0% дан көп эмес күкүрттү камтыган туруктуу газ конденсатынын, башкалардын көлөмүн тонна менен көрсөтүү керек.
72. 405-уячада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесине ылайык эсептелген чийки мунайга жана битумдуу материалдардан алынган чийки мунай заттарына акциз салыгын кошуп эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда чийки мунайдын жана битумдүү материалдардан алынган чийки мунай заттарынын көлөмүн тонна менен көрсөтүү керек.
73. 406-сапта Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесине ылайык эсептелген мотор бензиндерине, атайын, жеңил жана орто дистилляттарга; башка бензиндерге жана дистилляттарга акциз салыгын кошуп эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда мотор бензиндеринин, атайын, жеңил жана орто дистилляттардын; башка бензиндердин жана дистилляттардын көлөмүн тонна менен көрсөтүү керек.
74. 407-сапта Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесине ылайык эсептелген башка мунай заттарына (биоотун, экологиялык отун, жеңил дистилляттардын аралашмасы) акциз салыгын кошуп эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда башка мунай заттарынын (биоотун, экологиялык отун, жеңил дистилляттардын аралашмасы) көлөмүн тонна менен көрсөтүү керек.
75. 408-сапта Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесине ылайык эсептелген реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отунга акциз салыгын кошуп эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отундун санын тонна менен көрсөтүү керек.
76. 409-сапта Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесине ылайык эсептелген дизелдик отунга, газойлдорго, оор дистилляттарга акциз салыгын кошуп эсептөөнүн жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. "Салык салынуучу көлөм" графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда дизелдик отундун, газойлдун, оор дистилляттардын санын тонна менен көрсөтүү керек.