Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 22-февралы № 93
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 99, 100, 120, 125, 302 жана 324-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 687, 2023-жылдын 29-майындагы № 280 , 2024-жылдын 3-декабрындагы № 729 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 99, 100, 120, 125, 302 жана 324-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан салык отчетунун формаларын бекитүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Салык отчетун электрондук документ түрүндө берүү тартиби жөнүндө жана салык отчетун кагаз түрүндө берүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу жобо 2-тиркемеге ылайык;
- Салык органдары тарабынан камералык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
- (абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 280 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасында иштетип алма чийки затты (товарларды) кайра иштетүүнүн шарттары 5-тиркемеге ылайык;
- Товарлардын импортуна кошумча нарк салыгын шарттуу эсептөө режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобо 6-тиркемеге ылайык.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 729 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Отчеттордун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, салыктарды жана салыктык эмес кирешелерди башкаруу боюнча маалыматтардын формаларын бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун үчүнчү абзацы;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 6-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 393 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-февралындагы № 73 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-мартындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-июлундагы № 439 "Кен казуучу жана кенди кайра иштетүүчү ишканалардын киреше салыгы боюнча отчетунун формасын, аны толтуруу тартибин жана Алтын камтыган рудадагы жана алтын камтыган концентраттагы алтындын наркын аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 503 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-октябрындагы № 585 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-августундагы № 460 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;