Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы № 222 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды аныктоонун жана алуунун
тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 226 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды аныктоонун жана алуунун тартиби (мындан ары - Тартип) төмөнкүлөрдү белгилейт:
- жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды аныктоонун тартибин;
- жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды алуунун жана берүүнүн тартибин;
- суу алуу жана жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымдын келип түшүүсүн контролдоону;
- жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды алуудан келип түшүүчү каражаттарды пайдалануу тартибин;
- суу пайдалануучулардын укуктарын жана милдеттерин.
2. Жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды киргизүүнүн максаты болуп суу ресурстарын кайра өндүрүүгө жана коргоого сарпталган чыгымдардын ордун толтуруу, сууну сарамжалдуу пайдаланууга экономикалык жактан дем берүүнү, суу ресурстарын натыйжалуу башкарууну (изилдөө, баалоо жана сактоо) камсыздоо, суунун айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иштеши боюнча иш-чараларга чыгымдарды азайтуу саналат.
3. Жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйым ушул Тартиптин 13-пунктунда көрсөтүлгөн суу пайдалануучуларды жана сууну пайдалануунун түрлөрүн кошпогондо, жер үстүндөгү суу ресурстарынын бардык суу пайдалануучулары үчүн киргизилүүдө жана төмөнкүлөрдү каржылоого багытталган мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн ордун толтуруу зарылдыгынан алганда эсептелинет:
- Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 22-беренесине ылайык суу ресурстарын натыйжалуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуучу суу секторун өнүктүрүү боюнча долбоорлорго инвестициялык сарптоолорго;
- мамлекеттик суу чарба программалары менен аныкталган долбоорлорго;
- суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо, суу объекттеринин жана суу чарба курулмаларынын абалын жакшыртуу жана реконструкциялоо, суунун зыяндуу таасирин алдын алуу жана аны жоюу боюнча иш-чараларга;
- калкты жана эл чарбасынын тармактарын суу менен камсыздоо, суу чарба курулмаларын жана түзүлүштөрдү реконструкциялоо, модернизациялоо, куруу жана эксплуатациялоо боюнча иш-чараларга;
- суу алуу, суу пайдалануучуларга суу ташуу жана берүү, суунун жоготууларын азайтуу жана суу объекттерин жана суу чарба курулмаларын эксплуатациялоого жана сууну коргоо менен байланыштуу башка чараларды аткаруу боюнча чыгымдардын ордун толтуруу максатында атайын ыйгарым укуктуу органдарга.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 226 токтомунун редакциясына ылайык)