Редакцияот 15.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 15-сентябры № 169

2022–2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 82-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1.    Төмөнкүлөр бекитилсин:

1)    2022–2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары 1-тиркемеге ылайык;

2)    2022–2024-жылдарга бюджеттин параметрлери жана бюджетти түзүү үчүн контролдук цифралар 2-тиркеменин 1-6-таблицаларына ылайык.

2.    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-сентябрындагы № 483 “2021-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3.    Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

У. А. Марипов