Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 169 токтомуна) |
2022–2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын
фискалдык саясатынын негизги багыттары
1. Киришүү
2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын Фискалдык саясатынын негизги багыттары 2019–2020-жылдар үчүн бюджеттик саясатты ишке ашыруунун жана 2021-жылга күтүлгөн баалоонун жыйынтыктарын эсепке алуу менен, ошондой эле 2018–2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында аныкталган 2024-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын артыкчылыктуу багыттарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 82-беренесине ылайык иштелип чыккан.
Орто мөөнөттүү мезгилде экономикалык саясат экономикалык өсүүнүн оң тенденцияларын сактоо, республиканы туруктуу экономикалык өнүктүрүүнү камсыздоо максаттарын карманат, ошондой эле жумуш орундарын түзүүчү жана калктын бакубатчылыгын жогорулатуучу импортту жайгаштыруу үчүн жогорку потенциалга ээ болгон экономика тармагына дем берүүгө багытталат. Орто мөөнөттүү келечекте ИДПнын өсүүсүнүн оң динамикасы күтүлүүдө; 2022–2024-жылдардагы мезгилге ИДПнын болжолдонуучу анык өсүү темпи 6,5 %, 3,9 % жана тиешелүү түрдө 4,0 % түзөт.
Мамлекеттин орто мөөнөттүү фискалдык жана инвестициялык саясат фискалдык мыйзамдарды өркүндөтүү, бюджеттин туруктуулугун камсыздоо, COVID-19 коронавирус инфекциясына жана анын кесепеттерине каршы күрөшүү, бюджеттик процессти жана анын ачык-айкындуулугун жакшыртуу, чыгашалардын натыйжалуулугун жана майнаптуулугун жогорулатуу, бюджеттин социалдык багыттуулугун сактоодо, карыз алууларды экономиканы өнүктүрүүгө артыкчылыкташтырууда экономикалык өсүүнү камсыздоочу бюджеттин ресурстарын артыкчылыктуу багыттарга мобилизациялоо, транспорттук жана энергетикалык секторду, айыл чарбасын өнүктүрүү жана экономиканы колдоо максаттарына жумшалат.
2022–2024-жылдарга мамлекеттик бюджеттин салыктык кирешелери өсүүнүн оң динамикасы менен болжолдонууда. 2024-жылга карата салыктык кирешелер 211 979,1 млн сомго же ИДПга карата 25,2 %га чейин өсөт. Киреше бөлүгү менен катар эле, 2022–2024-жылдарга мамлекеттик бюджеттин чыгымдары өсөт. Бюджеттин чыгымдары өзүнүн социалдык багыттуулугун сактайт, мында чыгымдар артыкчылыктуу багыттарга бөлүнөт. Мындан тышкары, 2024-жылы мамлекеттик бюджеттин профицити ИДПга карата 1,0 % болжолдонууда, ал экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу программаларын каржылоого багытталат. 2020–2024-жылдардагы мезгилге карыз алуулардын жалпы көлөмүндө тышкы карыз алууларга ээ болот. Мында карыздык саясат узак мөөнөттүү МБК рыногун өнүктүрүү жолу менен ички карыз алууларды көбөйтүүгө багытталат, бул мамлекеттик карыздын салыштырма салмагын чет өлкөлүк валютада 80,8 % чейин кыскартууга мүмкүндүк берет.
2. Макроэкономикалык келечек
2.1. Макроэкономикалык саясат жана орто мөөнөттүү болжол
2019–2020-жылдар үчүн Кыргыз Республикасында макроэкономикалык кырдаал бирдей болгон жок жана COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынын кесепетинин натыйжасында ИДПнын орточо жылдык өсүү темпинин төмөндүгү 2,0 %ды түздү.
2019-жылы ИДПнын анык өсүүсү 4,6 % деңгээлинде болду. Дүң чыгаруунун өсүү темпи өнөр жайда – 6,6 %, айыл чарбасында – 2,5 %, курулушта – 10,7 % жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө – 3,2 % деңгээлинде байкалган. Экономикалык өсүүгө таасир берген негизги жагымдуу факторлор, инфляциянын орточо деңгээли, бул калктын кирешелеринин анык өсүүсү, фермерлерге жеңилдетилген кредиттерди берүү менен шартталган.
2020-жылы ИДПнын төмөндөшү 8,6 %ды түздү. Экономикалык өсүүнүн азайышынын негизги себеби COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынын терс таасири болду, ал кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө өсүү темпинин – 10,0 %, курулушта – 15,9 %, өнөр жайда – 7,5 % азайышына алып келди. Мында айыл чарбасында 1,1 % өсүү байкалды.
2021-жылы экономикалык өнүктүрүү COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышынын улануу тобокелчилигинин азаюу фонунда дүйнөлүк экономиканын өсүү темпин, вакцинанын натыйжасында экономикалык активдүүлүктүн жана саясий чаралардын натыйжасында кошумча колдоо көрсөтүүнүн өсүүсүн акырындык менен калыбына келтирүү шартында боло тургандыгы күтүлүүдө.
Чакан жана орто бизнести колдоо чаралары, экспорттук-импорттук операциялар жана инвесторлорду коргоо, мамлекеттик бюджеттин туруктуулугун камсыздоо, социалдык туруктуулукту колдоо, азык-түлүк коопсуздугун жана кризис шартында өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууну камсыздоо социалдык туруктуулукту жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин биринчи кезектеги чараларынын планына ылайык ишке ашырылат.
Болуп жаткан кырдаалдардын динамикасына, иш активдүүлүгүн солгундатуучу COVID-19 коронавирус инфекциясынын жаңы күч алуусуна байланыштуу, баалоолорго ылайык 2021-жылы Кыргыз Республикасында экономиканын өсүүсү орточо болот. Буга байланыштуу ИДПнын 3,2 % өсүүсү күтүлүүдө. Инфляциянын деңгээли 8,9 % (өткөн жылдын декабрына карата % менен) өлчөмүндө күтүлүүдө. Бул негизинен товарларды импорттоодон ата мекендик рыноктун көз карандылыгы, финансы рыногунун өзгөрмөлүүлүгү, азык-түлүк товарларына баанын сезондук өйдө-ылдый болуусу менен шартталган.
ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндө кызмат көрсөтүү чөйрөсү, өнөр жай жана айыл чарба тармактары тийиштүү түрдө 46,8 %, 21,0 % жана 13,4 % салыштырмалуу салмагы менен басымдуулук кылат.
2021-жылы өнөр жайда[1] 3,1 %га өсүш күтүлүүдө. Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда өсүш 9,2 %ды түзөт. Айыл чарбасында 2021-жылы 2,1 %га өсүш күтүлүүдө. 2021-жылы COVID-19 коронавирус инфекциясынын таасиринин уланышына байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн орточо 3,7 % өсүүсү күтүлүүдө. Курулуштун дүң продукциясы 4,1 %га реалдуу өсүшү менен 152,2 млрд сом көлөмүндө күтүлүүдө.
Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн таза экспортунун ИДПга карата көрсөткүчү 2021-жылы – 19,1 % түзөт жана 2020-жылга (-20,3 %) салыштырмалуу 1,2 пайыздык пунктка жакшырат.
2021-жылы товарлардын экспорту 2 050,0 млн АКШ долл. түзөт жана 4,4 % (номиналдык туюнтууда) көбөйөт. Товарлардын импорту 3 750,0 млн АКШ долл. түзөт жана 1,8 % (номиналдык туюнтууда) көбөйөт.
2022–2024-жылдарга орто мөөнөттүү мезгилде экономикалык саясаттын башкы максаты экономикалык өсүүнүн оң тенденцияларын сактоо жана өлкөнү туруктуу экономикалык өнүктүрүүнү камсыздоо болот.
Максаттуу макроэкономикалык көрсөткүчтөр экономиканы бекемдөөгө, потенциалды күчөтүүгө жана өндүрүштү өнүктүрүүгө, ошондой эле элдин жашоосунун сапатын жана бакубатчылыгын жакшыртууга багытталган 2018–2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын толук жана ийгиликтүү ишке ашырууга негиздеген.
Экономикалык саясат жумуш орундарын түзүүчү жана калктын бакубатчылыгын жогорулатуучу импортту жайгаштыруу үчүн жогорку потенциалга ээ болгон тармактарды өнүктүрүүгө дем берүүгө багытталган.
Макроэкономикалык саясатты ийгиликтүү ишке ашыруунун эң маанилүү өбөлгөлөрү төмөнкүлөр болуп саналат:
- социалдык-саясий туруктуулук;
- импортту алмаштыруу боюнча иштерди күчөтүү, жогорку экспорттук потенциалга ээ болгон артыкчылыктуу секторлорду өнүктүрүү;
- орто мөөнөттүү келечекте керектөө суроо-талабын калыбына келтирүү;
- энергетика, ирригация, жол-транспорт чөйрөсүндөгү ири улуттук инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын ЕАЭБдеги жана ДСУдагы мүчөлүгүн активдүү пайдалануу;
- финансылык шаймандарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;
- ишкердик үчүн жагымдуу бизнес-чөйрөсүн түзүү;
- бизнести көмүскөдөн чыгаруу боюнча көрүлүүчү чаралар.
2022–2024-жылдарда өнөр жай продукцисынын өсүү темпи[2] бир жыл үчүн орточо 6,9 % деңгээлинде болжолдонууда. Өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн өсүшү иштеп жаткан өнөр жай ишканаларынын туруктуу иштешинин, иштебей туруп калган өндүрүштү жандандыруунун, Кумтөр, Талды-Булак Сол Жээк, Жамгыр, Жерүй, Чаарат, Бозымчак, Иштамберди, Кара-Казык, Терексай кендеринде, Кавак күрөң көмүр кендеринде казуулардын көлөмүн өстүрүү жана «КГРК» ачык акционердик коомунун, «Вертекс Голд Компани» жоопкерчилиги чектелген коомунун, «Эти Бакыр Терексай» жоопкерчилиги чектелген коомунун жаңы ишканаларын пайдаланууга киргизүүнүн эсебинен болжолдонууда.
Айыл чарбасында өсүүнүн орточо жылдык темпи 2,4 % деңгээлинде болжолдонууда. Өсүү табигый-климаттык фактордун жагымдуу таасиринин, айдоо аянттарын оптималдаштыруунун, тамчылатып сугаруу системасын активдүү пайдалануунун, күнөскана чарбасын өнүктүрүүнүн, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн алдыңкы технологияларын пайдалануунун, органикалык, минералдык жана органоминералдык жер семирткичтерди колдонуунун, тоют өндүрүшүн көбөйтүүнүн, айыл чарба продукцияларынын көзөмөлгө алынышын камсыздоо үчүн электрондук коммерциялык элементтер менен айыл чарбасында санариптик технологиялардын, өлкөдө жагымдуу эпизоотиялык кырдаалды сактоонун, мамлекет тарабынан айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдонуудагы кредиттик жана лизингдик программалар боюнча колдоонун, өндүрүш процесстерин оптималдаштыруунун жана башкаруунун, айыл чарбасында энергетикалык жана ресурстук чыгымдарды кыскартуунун эсебинен болжолдонууда.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө орто мөөнөттүү келечекте кызмат көрсөтүүлөрдү дүң чыгаруунун көлөмү жылына 4,4 % деңгээлинде болжолдонууда, негизинен дүң жана чекене соода, транспорттук иштер жана жүктөрдү сактоо, мейманкана жана ресторан кызматтарын көрсөтүүнүн өсүшүнүн эсебинен болжолдонууда.
Курулушта орточо жылдык анык өсүү темпи 6,4 % деңгээлинде болжолдонууда. Курулуш тармагын өнүктүрүү ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун эсебинен улуттук экономиканын өсүшүн камсыздоочу олуттуу багыттардын бири болуп калат.
2022–2024-жылдарда пайдалануу боюнча ИДПнын түзүмү керектөөлөрдүн жана инвестициялардын үлүшүнүн көбөйүшү менен аныкталат.
ИДПга карата дүң инвестициялардын үлүшү 2022-жылы 26,6 %ды, 2023-жылы 26,9 %ды, 2024-жылы 27,9 %ды түзөт. Мамлекеттик инвестициялардын үлүшү 2022-жылы ИДПга карата 4,6 %дан 2024-жылы 3,6 %га чейин азаят. Жеке инвестициялардын үлүшү 2022-жылы 22,0 %дан 2024-жылы ИДПга карата 24,3 %га чейин өсөт (2023-жылы – ИДПга карата 23,2 %).
Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү таза экспорттоо көрсөткүчүнүн 2022-жылы 18,9 % ИДПга карата 2024-жылы -20,7 %га чейин начарлашы болжолдонууда.
Тышкы соода жүгүртүүнү өнүктүрүүнүн негизги максаты экспортту андан ары өстүрүү, техникалык жана башка тоскоолдуктарды жана евразия мейкиндигинде өз ара соодалашуунун чектөөлөрүн четтетүү, электр энергетикасы жана финансылык рынок, кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү рыногу сыяктуу жалпы рынокту түзүүгө карата этап менен киришүү.
2022–2024-жылдарда тышкы-экономикалык ишти өнүктүрүүгө таасир берүүчү негизги факторлор: ДСУга республиканын мүчөлүгүнүн артыкчылыктары; ЕАЭБ интеграциялык бирикмесинде толук иштөө; өз ара пайданын негизинде эки тараптуу кызматташуу; кызмат көрсөтүүнү, а.и. туристтик экспорттоонун өсүүчү мааниси. Бул факторлорду эске алуу менен тышкы соода жүгүртүү 2022-жылы 6 290 млн АКШ долларынан 2024-жылы 6 960 млн АКШ долл. чейин өсөт, анын ичинде:
- товарлардын экспорту 2022-жылы 2 340 млн АКШ долларынан 2024-жылы 2 510 млн АКШ долл. чейин көбөйөт.
- товарлардын импорту орто мөөнөттүү келечекте 2022-жылы 3 950 млн АКШ долларынан 2024-жылы 4 450 млн АКШ долл. чейин көбөйөт.
Социалдык саясат жаатында 2022–2024-жылдарга негизги милдеттер мамлекеттин кепилдик берилген социалдык милдеттерин толук көлөмдө аткаруу, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана жарандардын социалдык-корголбогон категорияларынын абалын жакшыртуу болуп калат, жарандардын кыйла аялуу категорияларына даректүү социалдык жардамдарды көрсөтүү, эмгекке жарамдуу калктын экономикалык активдүүлүгүнө дем берүү боюнча иштер улантылат.
Орто мөөнөттүү мезгилде калктын саны жылына орточо 145,3 миң адамга өсүшү болжолдонууда, жумуш менен камсыз болгон калктын саны жылына орточо 2,1 %га өсүп турат. Калктын жан башына ИДП жылына орточо 4,0 % көбөйүп, 2024-жылы 1 300,4 АКШ долл. түзөт.
Орточо айлык эмгек акынын реалдуу өсүшү орто мөөнөттүү мезгилде –2,4 % деңгээлинде терс болжолдонууда жана 2024-жылы 20 887,8 сомду түзөт. Калктын акчалай кирешелеринин реалдуу өсүүсү жылына орточо 2,5 % деңгээлинде болжолдонууда жана 2024-жылы 589,6 млрд сомду түзөт.
Орто мөөнөттүү келечекте жакырчылык деңгээли жылына орточо 1,2 пайыздык пунктка кыскарып, 2024-жылы 20,1 %ды түзөт.
3. Фискалдык саясат
3.1. Фискалдык саясаттын артыкчылыктары
Фискалдык мыйзамды өркүндөтүү
2022–2024-жылдарда өндүрүштү жана анын технологиялык жаңыланышын диверсификациялоого, модернизациялоого, ошондой эле ата мекендик экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган фискалдык саясаттын дем берүүчү ролу сакталат. Салык саясатынын башкы милдети жаңы Салык кодексин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү болуп саналат, экономикалык өсүш темпин колдоо, Кыргыз Республикасынын бюджетинин киреше бөлүгүн башкаруунун сапатын өркүндөтүү, ошондой эле салыктардын социалдык жана жөнгө салуучу функцияларын өркүндөтүү боюнча иштер улантылат.
Салык мыйзамдарын андан ары өркүндөтүү, анын ичинде:
- өркүндөтүү республиканын аймагында жаңы маалымат технологияларын жана салык жол-жоболорун санариптештирүүнү киргизүү аркылуу өтөт, алар Кыргыз Республикасынын жоопкерчиликтүү жана ак ниет салык төлөөчүлөрүн жана жарандарын коргоого багытталат;
- салык салынуучу кирешелердин иш жүзүндө келтирилген чыгымдар жана мүлктүк абалдын өзгөрүшү жөнүндө маалыматка шайкеш келүүсүн контролдоону колдонуу менен жалпы декларациялоо принциптерине өтүү каралууда;
- товарларды көзөмөлдөө жана жүгүртүү системасы үчүн улуттук компонентти түзүү, ошондой эле “салык салуу” көрсөткүчү боюнча дүйнөлүк аренада Кыргыз Республикасынын рейтингин жогорулатуу боюнча иштер пландалууда. Кыргыз Республикасынын экономикасынын формалдуу эмес секторун легализациялоого дем берүү, кынтыксыз репутацияга ээ болгон ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана импорттоочуларды коргоо, ошондой эле салыктык текшерүү жана товардык продукцияны эсептөө жана анын фискалдык максаттарда берилген мүнөздөмөлөргө шайкеш келүү системасын түзүү шартталууда;
- бюджеттин кирешелерин көбөйтүү жана көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу максатында электрондук эсеп-фактураларды, электрондук товардык транспорттук накладнойлорду, ККМ-онлайн жана товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркировкалоону толук масштабдуу киргизүү жолу менен салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү, салык төлөөчүлөрдү сыйлоо системасын, кассалык чектерди берүүдө кэшбэк системасын киргизүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлөт.
Бажы мыйзамын андан ары өркүндөтүү, анын ичинде:
- Кыргыз Республикасында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу;
- тобокелчиликтерди башкаруу системасын колдонуу аркылуу бажы операцияларын жасоо процессин тездетүү;
- бажы процесстерин автоматташтыруу (санариптештирүү), ошондой эле ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү (кагазсыз декларациялоо);
- Кыргыз Республикасында эл аралык ташууну өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, ЕАЭБге алдын ала маалымдоо модулун киргизүү;
- бажы төлөмдөрүн төлөө системасын өркүндөтүү, улуттук төлөм системасын интеграциялоо;
- ЕАЭБдин тышкы чек арасында мамлекеттик контролдоочу органдар менен маалымат алмашууну киргизүү, «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча өткөрмө пункттарында мамлекеттик органдар менен биргелешип контролдоону ишке ашыруу үчүн программалык камсыздоону киргизүү бөлүгүнө санариптик платформаны киргизүү;
- байкоо жүргүзүү жана дайындалган бажы органына чейин товарларды жана транспорт каражаттарын жеткирип берүү электрондук системасын киргизүү, ошондой эле бажылык текшерүүнү автоматташтыруу;
Бюджеттик саясат
Азыркы учурда мамлекеттик бюджет бюджеттин олуттуу тартыштыгы, мамлекеттик карызды кармоо зарылчылыгы, бюджеттер аралык мамиленин дотациялык мүнөзү, мамлекеттик финансыны башкарууну толук автоматташтыруу системасынын жоктугу, ошондой эле аракеттеги программалык бюджеттин жоктугу менен мүнөздөлөт.
COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясы жана бюджеттин ресурстук бөлүгүнүн төмөндөшү, COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча иш-чараларга тышкы жардамдарды тартуу боюнча акыркы кырдаалдарга байланыштуу коомдо бюджеттик, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдөн түшүүчү каражаттарды ачык-айкын жана натыйжалуу пайдалануу маселелери көтөрүлүүдө.
Буга байланыштуу орто мөөнөттүү салыктык-бюджеттик саясаттын максаты туруктуу экономикалык өсүүнү камсыздоо жана мамлекеттик бюджеттин туруктуулугун сактоо, өз кезегинде карыздык кырдаалдын туруктуулугу менен социалдык максаттын өсүүсүнүн ортосундагы туура баланска жетүүнү билдирет.
Ошентип, мамлекеттик финансыны башкарууда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети көңүлүн төмөнкү милдеттерди аткарууга бурат:
- фискалдык туруктуулукту камсыздоо жана республикалык бюджетти макроэкономикалык жөнгө салуунун натыйжалуу шайманына айландыруу;
- бюджеттик пландаштыруунун жана орто мөөнөттүү болжолдоонун сапатын жогорулатуу;
- мамлекеттик финансыны башкарууну андан ары жакшыртууга багытталган Бюджеттик кодекске оңдоолорду киргизүү;
- бюджеттик пландоонун жана орто мөөнөттүү болжолдоонун сапатын жогорулатуу, орто мөөнөттүү болжолдоону беш жылдык горизонтко өткөрүү;
- бюджеттик пландоо процессин автоматташтыруу;
- республиканын экономика тармактарын өнүктүрүүгө ички жана тышкы карыз алууларды так артыкчылыкташтыруу;
- натыйжасыз чыгымдарды бир эле учурда кыскартууда маанилүү проблемаларды чечүүгө республикалык бюджеттин ресурстарын концентрациялоо;
- натыйжага багытталган толук кандуу бюджеттештирүүнү киргизүү. Натыйжага багытталган бюджеттештирүү бюджеттин чыгымдарынын натыйжалуулугун жогорулатуу механизми болуп калууга тийиш;
- бюджеттик программалардын мониторинги жана баалоо механизмдерин киргизүү жана колдонуу аркылуу бюджеттин чыгымдарынын натыйжалуулугун жогорулатуу;
- бюджеттер аралык мамилелерди реформалоо;
- бюджеттик документтерди өркүндөтүү, бюджеттин ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун жогорулатуу максатында бюджеттик процесске жарандык коомдун катышуусун күчөтүү;
- экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу программаларын каржылоого бюджеттин ресурстарын мобилизациялоо максатында Турукташтыруу фондун түзүү;
- бюджеттик туруктуулук үчүн мамлекеттин максаттарын зыянсыз каржылоону камсыздоо үчүн мамлекеттик бюджеттин (фискалдык мейкиндиктин) мүмкүнчүлүктөрүн табуу.
Мындан тышкары орто мөөнөттүү келечекте мамлекеттик бюджетте COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча иш-чараларга, ошондой эле пандемиянын кесепеттерин жоюуга финансылык каражаттар каралат. Ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту камсыздоо максатында бул каражаттар республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга карата тийиштүү тиркемеде өзүнчө иш-чара катары каралат.
3.2. Негизги бюджеттик алкактар
Орто мөөнөттүү келечекте капиталдык кирешелерди (финансылык эмес активдерди) кошкондо мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешелери жыл сайын өсүүнү көрсөтүүдө; 2022-жылы 225 664,3 млн сомдон 2024-жылы 254,697,8 млн сомго чейин. Мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешелери ИДПга карата 2022-жылы 31,6 %дан 2024-жылы 30,3 %га чейин азаят. Мында кирешелер боюнча болжолго ылайык салыктык кирешелердин ИДПга карата катышы 2022–2024-жылдарда өсүүнү көрсөтөт. Жалпы кирешелердин ИДПга карата азайышы расмий трансферттер боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдүн 2022-жылы 16 391,7 млн сомдон 2024-жылы 9 174,7 млн сомго чейин азайышына байланыштуу болду. Бул тышкы түшүүлөрдөн бюджеттин көз карандылыгынын азайышын ырастайт.
1-таблица
2019–2024-жылдарга мамлекеттик бюджеттин
негизги параметрлери (млн сом)
| 2019 | 2020 | 2021 | 2022 | 2023 | 2024 |
| иш жүзүндө | иш жүзүндө | бекит. | болжол | болжол | болжол |
Жалпы кирешелер (анын ичинде капиталдык кирешелер) | 167 328,6 | 152 051,1 | 193 569,6 | 225 664,3 | 238 293,5 | 254 697,8 |
ИДПга карата % менен | 27,0 | 25,4 | 30,5 | 31,6 | 30,8 | 30,3 |
Салыктык түшүүлөр | 121 525,5 | 106 929,2 | 144 234,6 | 174 587,2 | 190 827,6 | 211 979,1 |
ИДПга карата % менен | 19,6 | 17,9 | 22,7 | 24,5 | 24,7 | 25,2 |
Салыктык эмес түшүүлөр | 32 314,3 | 33 303,8 | 31 226,1 | 34 658,4 | 32 829,8 | 33 516,9 |
ИДПга карата % менен | 5,2 | 5,6 | 4,9 | 4,9 | 4,3 | 4,0 |
Алынган расмий трансферттер, анын ичинде Мамлекеттик инвестициялар | 13 488,7 | 11 818,1 | 18 089,9 | 16 391,7 | 14 609,2 | 9 174,7 |
ИДПга карата % менен | 2,2 | 2,0 | 2,8 | 2,3 | 1,9 | 1,1 |
Капиталдык кирешелер | 19,0 | 27,0 | 27,0 | 27,0 | ||
Жалпы чыгымдар | 167 760,3 | 171 785,1 | 201 723,6 | 234 785,9 | 245 970,5 | 246 392,6 |
ИДПга карата % менен | 27,1 | 28,7 | 31,8 | 32,9 | 31,8 | 29,3 |
Учурдагы чыгымдар | 136 217,9 | 148 645,7 | 160 876,2 | 188 173,1 | 193 466,7 | 199 170,1 |
ИДПга карата % менен | 22,0 | 24,8 | 25,3 | 26,4 | 25,0 | 23,7 |
Капиталдык чыгымдар | 31 642,4 | 23 139,4 | 40 847,4 | 46 612,9 | 52 503,8 | 47 222,5 |
ИДПга карата % менен | 5,1 | 3,9 | 6,4 | 6,5 | 6,8 | 5,6 |
- тышкы булактардан | 13 072,9 | 12 127,8 | 24 532,5 | 26 133,4 | 33 023,1 | 25 235,7 |
ИДПга карата % менен | 2,1 | 2,0 | 3,9 | 3,7 | 4,3 | 3,0 |
- ички булактардан | 18 569,5 | 11 011,6 | 16 314,9 | 20479,6 | 19 480,7 | 21 986,8 |
ИДПга карата % менен | 3,0 | 1,8 | 2,6 | 2,9 | 2,5 | 2,6 |
Бюджеттин дефицити/профицити | -431,7 | -19 734,0 | -8 154,0 | -9 121,7 | -7 677,0 | 8 305,2 |
ИДПга карата % менен | -0,1 | -3,3 | -1,3 | -1,3 | -1,0 | 1,0 |