Редакцияот 02.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 2-ноябры № 238

Дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга байкоо жүргүзүү системасын киргизүү боюнча кызматтарды көрсөтүүчүнү аныктоо жөнүндө

Улуттук экономиканы өнүктүрүү, адамдын өмүрүн жана ден соолугун коргоону, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 22-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. "TCHealth Information Technology" компаниясы (Түркия Республикасы) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан киргизилүүчү дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга байкоо жүргүзүү системасын имплементациялоо (ылайыкташтыруу жана учурдагы талаптарга шайкеш келтирүү) боюнча кызматтарды көрсөтүүчү болуп аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги "TCHealth Information Technology" (Түркия Республикасы) компаниясынан дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга байкоо жүргүзүү системасын имплементациялоо (ылайыкташтыруу жана учурдагы талаптарга шайкеш келтирүү) боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган баалар боюнча сатып алууну жүзөгө ашырсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Төрага

А.У. Жапаров