Редакцияот 18.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 18-ноябры № 271

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майындагы № 256 « Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы Академиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Калкка билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майындагы № 256 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы Академиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы академиясы жөнүндө Жободо:

1,2-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларынын “Юриспруденция” жана “Укук коргоо иши” багыттары боюнча магистранттарды даярдоо.”;

1.5-пунктунун биринчи абзацындагы “Премьер-министри” деген сөз “Министрлер Кабинетинин Төрагасы” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Төрага

 

А. У. Жапаров