Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 15-ноябры № 250
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 15, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 702, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189, 2023-жылдын 29-майындагы № 291, 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 497, 2024-жылдын 25-мартындагы № 136, 2025-жылдын 12-июнундагы № 334, 2026-жылдын 18-майындагы № 348 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин борбордук аппаратын, аймактык органдарын жана ведомстволук бөлүмдөрүн күтүүгө чыгымдарды каржылоонун булагы болуп республикалык бюджет саналат деп аныкталсын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 15, 2024-жылдын 25-мартындагы № 136 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 242 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пунктунун 10-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору болуп;".
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна ведомстволук бөлүмдөрдүн жоболорунун жана башкаруу схемасынын долбоорлорун киргизсин;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 90 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ишинин маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;