Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 6-апрели № 189
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 367 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 497, 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566, 2025-жылдын 10-июнундагы № 328, 2026-жылдын 18-майындагы № 348 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-июнундагы № 348-т тескемеси менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо боюнча координациялык кеңештин жыйналышынын протоколун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 115 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маселелери жөнүндө" Жарлыгынын 6-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин карамагына тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен төмөнкүлөр өткөрүп берилсин:
- туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функциялар;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаменти, аны Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти деп кайра атоо менен.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 242 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун 1-пунктчасындагы "тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен туризм чөйрөсүндөгү функцияларды Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине өткөрүп берүү менен" деген сөздөр алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жободо:
- 1-пункттун 1-пунктчасында:
экинчи абзацтагы ", инвестициялык" деген сөздөр алып салынсын;
алтынчы, он бешинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- туризм;";
- 11-пунктта:
6-пунктчадагы "өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана" деген сөздөр алып салынсын;