Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 100, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 , 2023-жылдын 21-декабрындагы № 694 , 2024-жылдын 3-октябрындагы № 599 , 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 670 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги (мындан ары - Министрлик) маданият, маалымат, жаштар, спорт, дене тарбия жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Министрлик ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн, мекемелердин ишин башкарат.
4. Борбордук аппаратты, республикалык, облустук, райондук мекемелерди жана райондук деңгээлдеги аймактык бөлүмдөрдү күтүүгө кеткен чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттик сметанын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын негизинде жүзөгө ашырылат.
5. Министрлик юридикалык жак статусуна ээ, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, штампы, бланктары, өз алдынча балансы, Казыналык системасында алыш-бериш эсеби бар.
6. Министрликтин толук расмий аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги”.
– расмий тилде: “Министерство культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики”;
Министрликтин кыскартылган аталышы:
– мамлекеттик тилде: “ММСЖСМ”;