Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 15-ноябры № 262
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 498, 2022-жылдын 7-октябрындагы № 546, 2023-жылдын 6-февралындагы № 47, 2023-жылдын 19-июнундагы № 307, 2023-жылдын 23-августундагы № 425, 2024-жылдын 24-январындагы № 19, 2024-жылдын 4-мартындагы № 91, 2024-жылдын 17-июлундагы № 396, 2024-жылдын 19-августундагы № 481, 2025-жылдын 20-мартындагы № 139 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызмат жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык;
5) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти жөнүндө жобо 5-тиркемеге ылайык;
6) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Сел жана суу ташкындарынан коргоо" кызматы жөнүндө жобо 6-тиркемеге ылайык;
7) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жөнүндө жобо 7-тиркемеге ылайык;
8) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө жобо 8-тиркемеге ылайык;
9) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департамент жөнүндө жобо 9-тиркемеге ылайык;
10) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 19 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору жөнүндө жобо 11-тиркемеге ылайык;
12) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору (Суучулдар кызматы) жөнүндө жобо 12-тиркемеге ылайык;
13) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобо 13-тиркемеге ылайык;