Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 17-июлу № 396

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин оптималдаштыруу жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-августундагы № 481 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин оптималдаштыруу, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо чөйрөсүндөгү иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Нарынкурулуш" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Нарынкурулуш" мамлекеттик ишканасынын уставы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-августундагы N 481 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үч айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 55 (3609) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У. Жапаров

 

 

2-тиркеме

 

 

 

 

 

"2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ