Загрузка документа…
|
| 4-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызмат жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 19, 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Негизги жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызмат (мындан ары - Кызмат) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иштерди уюштуруу жаатындагы ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
2. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кызматтын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
4. Кызматтын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызмат;
- расмий тилде: Служба по предупреждению и ликвидации последствий чрезвычайных ситуаций Министерства чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики.
5. Кызмат мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп эсептелет жана ага бекитилген мүлккө оперативдүү башкарууну ишке ашырат, Казыналык системасында эсептери, өз алдынча балансы, негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттары бар.
Кызматты күтүүгө чыгымдарды каржылоо тиешелүү жылга республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
6. Кызматтын юридикалык дареги: 723500, Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Г.Айтиев көчөсү, 10.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 19 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кызмат жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет. Кызматтын түзүмү жана штаттык ырааттамасы министр тарабынан бекитилет.
8. Бул Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
2. Кызматтын негизги милдеттери
9. Кызматтын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, алдын алуучу коргоо иш-чараларын жүргүзүү;