Загрузка документа…
|
| 13-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат (мындан ары - Кыргызгидромет) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) гидрометеорология жана жаратылыш чөйрөсүнүн булгануу деңгээлине байкоо жүргүзүү жаатындагы иш-чараларды жүргүзүүчү ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
2. Кыргызгидромет өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдерин жана принциптерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кыргызгидромет мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген жана ага бекитилген мүлккө оперативдүү башкарууну жүргүзгөн, Казыналык системасында эсептери, өз алдынча балансы, негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттары бар юридикалык жак болуп эсептелет.
Кыргызгидрометти күтүүгө сарпталган чыгымдарды каржылоо тиешелүү жылга республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
4. Кыргызгидрометтин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы менен мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
5. Кыргызгидрометтин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат";
- расмий тилде: "Гидрометеорологическая служба при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргызгидромет";
- расмий тилде: "Кыргызгидромет".
6. Кыргызгидрометтин юридикалык дареги: 720017, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Керимбеков көч. 1.
2. Кыргызгидрометтин максаты
7. Гидрометеорологиялык коопсуздук жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу.