Загрузка документа…
|
| 14-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) мамлекеттик мүлк менен чарба жүргүзүү укугуна негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тармактык мамлекеттик органынын актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (мындан ары - мамлекеттик башкаруучу орган) эсептелет.
5. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Северный центр по реагированию на чрезвычайные ситуации" Министерства чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Түндүк борбору" МИ";
- расмий тилде: "ГП "Северный центр".
6. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсеп жүргүзүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
7. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
8. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык башка атрибуттары бар.
9. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилдик (гарантия) алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.