Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 3-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 293, 2022-жылдын 1-августундагы № 440, 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550, 2024-жылдын 30-январындагы № 36, 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 175 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы (мындан ары - Кызмат) байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функцияларын жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
Кызмат Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин укук улантуучусу болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 440, 2024-жылдын 30-январындагы № 36 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кызмат өзүнүн мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы бар юридикалык жак статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, эмблемасы, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, Кыргыз Республикасынын казыналык системасында алыш-бериш эсептери бар.
4. Кызматтын кызматкерлери мамлекеттик жарандык кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерин кошпогондо, мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналат.
5. Кызматтын ишин Министрлик контролдойт.
6. Кызматтын толук фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы";
расмий тилде: "Служба по регулированию и надзору в отрасли связи при Министерстве цифрового развития Кыргызской Республики".