КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-декабрындагы № 809 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 31-майы № 293
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566 , 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана ишканаларынын ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жободо:
- 6-пунктунун экинчи абзацында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамында:
- биринчи абзацында "биринчи орун басары" деген сөздөр "орун басары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- сегизинчи абзацында "Мамлекеттик байланыш агенттигинин директорунун" деген сөздөр "Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын төрагасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- тогузунчу абзацында "Мамлекеттик байланыш агенттигинин" деген сөздөр "Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.