Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
6-тиркеме |
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо автомототранспорт каражаттарын, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, тракторлорду, стационардык технологиялык түзүлүштөрдү жана жабдууларды (мындан ары - транспорт каражаттары) каттоо, кайра каттоо, айдоочулук күбөлүктөрдү, тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү жана айдоочуларга транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүү жаатында иш жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - Мекеме) ишин регламенттейт.
2. Мекеме Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук мекемеси болуп саналат.
3. Мекеме өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Директордон жана директордун орун басарларынан тышкары Мекеменин кызматкерлери мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналбайт.
5. Мекеме мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жактын статусуна ээ, өз алдынча балансы жана ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген мүлкү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алыш-бериш жана башка эсептери бар. Мекеменин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн фирмалык аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
6. Мекеменин ишин Министрлик контролдойт.
7. Мекеменин толук фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемеси";
расмий тилде: "Государственное учреждение "Унаа" при Министерстве цифрового развития Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: "Унаа" ММ";
расмий тилде: "ГУ "Унаа".
8. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чокан Валиханов көчөсү, 2а.