Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 24-декабры № 345
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын
7-декабрындагы № 548 “Кыргыз Республикасында жол
кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча
кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын
ишке ашыруу тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2025-жылдын 2-июнундагы № 308, 2025-жылдын 2-июлундагы № 391, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 548 “Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле жол кыймылын натыйжалуу уюштуруу жана коопсуздугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык күчүн жоготту
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык күчүн жоготту
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык күчүн жоготту
5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык күчүн жоготту
6. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык күчүн жоготту
7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги эки айлык мөөнөттө жеңил автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу ишин лицензиялоону Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жүктөө менен аталган функцияны киргизүүнү караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин.
8. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жободо:
1) 13-пунктунда:
– 1-пунктчасынын отуз тогузунчу абзацы “лицензияларды” деген сөздөн кийин “(автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндөгү лицензияларды кошпогондо)” деген сөздөр менен толукталсын;
– 2-пунктчасынын үчүнчү абзацы “лицензияларды” деген сөздөн кийин “(автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндөгү лицензияларды кошпогондо)” деген сөздөр менен толукталсын;
2) 14-пункту: