Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 249 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо
министрлиги жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 647, 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 208, 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566, 2023-жылдын 25-октябрындагы № 573, 2025-жылдын 20-февралындагы № 84, 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 748, 2026-жылдын 3-февралындагы № 54, 2026-жылдын 5-февралындагы № 63 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (мындан ары - Министрлик) саламаттык сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу жана башкарууну жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин борбордук мамлекеттик органы болуп саналат.
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Министрлик мамлекеттик жана расмий тилдердеги өз аталышы менен юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүнө ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналыгында алыш-бериш эсептери бар.
2. Министрликтин максаты
4. Министрликтин ишинин максаты:
- Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо;
- Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу.
3. Министрликтин милдеттери
5. Министрликтин милдеттери болуп төмөнкүлөр боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу эсептелет:
- саламаттык сактоо кызматтарынын калкка жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана сапатын жогорулатуу;
- коомдук саламаттык сактоо;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү;
- бюджеттик-камсыздандыруу медицинасын өркүндөтүү;
- сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу.
4. Министрликтин функциялары
6. Министрлик өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
1) тармактык саясат функциясы:
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет;
- ден соолукту сактоо жана чыңдоо жаатындагы улуттук, мамлекеттик жана максаттуу программаларды, мамлекеттик кепилдик программасын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт жана баа берет;
- медициналык камсыздандыруу, курорттук иш жаатындагы саясатты иштеп чыгат;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндө эмгек ресурстарына керектөөлөрдүн божомолун жүргүзөт;
- медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн көлөмүн жана шарттарын аныктайт;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен калкты камтууну кеңейтүү боюнча бирдиктүү саясатты түзөт;
- тейлөөчү тармагы чөйрөсүндө укуктук пропагандалоо боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
- саламаттык сактоо уюмдарында оптималдаштыруу жана реструктуризациялоо иш-чараларын жүргүзөт;
- менчигинин түрүнө карабай медициналык жана фармацевттик кызмат көрсөтүүчүлөрдүн иштерине мониторинг жүргүзөт жана баа берет;
- климаттын глобалдык өзгөрүүсүнө адаптациялоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө катышат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Тамекинин зыяндуу таасиринен жарандардын ден соолугун коргоо боюнча координациялык кеңештин ишин камсыз кылат;
- инфекциялык жана актуалдуу өнөкөт инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу боюнча стратегияны иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- программалык негизде саламаттык сактоонун бириктирилген бюджетин түзүү жана аткаруу жаатындагы саясатты ишке ашырат;
- жогорку технологиялар фондунун, техникалык тейлөө фондунун, эпидемиологиялык фонддун жана борборлоштурулган иш-чаралардын каражаттарын түзөт жана бөлүштүрүү механизмдерин аныктайт;
- Бирдиктүү төлөөчү системасынан сырткары иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын чыгымдарын каржылоо жана пландоо көлөмдөрүн аныктайт;
- калкты жана саламаттык сактоо уюмдарын сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо үчүн дары каражаттарын, медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзөт жана жүргүзөт;
- саламаттык сактоо системасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү ишке киргизет жана өнүктүрөт;
- тейленүүчү маселелер боюнча эл аралык келишимдерди иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат, саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө гранттарды жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча иш жүргүзөт, эл аралык долбоорлорду жана программаларды жүзөгө ашырууну камсыз кылат;
2) жөнгө салуу функциясы:
- менчигинин түрүнө карабай саламаттык сактоо уюмдарынын алгачкы медициналык эсепке алуу жана статистикалык отчет берүүсүнүн бирдиктүү системасын иштеп чыгат жана ишке киргизет;
- медициналык жана фармацевттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана коопсуздугун башкаруу системасын иштеп чыгат жана ишке киргизет;
- саламаттык сактоо уюмдарын аккредитациялоо стандарттарын иштеп чыгууга катышат;
- медициналык жана фармацевттик кадрларды каттоону уюштурат, саламаттык сактоо уюмдарында медициналык кадрлардын орун которууларына мониторинг жүргүзөт;
- жыл сайын медициналык билим берүү уюмдарына кабыл алуу планын бекитет, кабыл алуу эрежелерин макулдашат;
- товарлардын импортуна жана экспортуна эксперттик корутундуларды берет;
- жеке медициналык мекемелер жана жеке ишкерлер тарабынан жүзөгө ашырылуучу медициналык ишке (жеке медициналык мекемелерде же жеке ишкерлерде жалданып же эмгек келишими боюнча иштеген медициналык кызматкерлердин иштерин кошпогондо), ошондой эле фармацевттик ишке лицензия берет;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- атайын товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортуна/импортуна/транзитине уруксат берүүчү документтерди (лицензия/уруксат/корутунду) берет;
3) координациялоо, контролдоо жана көзөмөлдөө функциясы:
- ден соолукту сактоо жана чыңдоо жаатындагы улуттук, мамлекеттик жана максаттуу программаларды, мамлекеттик кепилдик программаларын аткаруу боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын иштерин контролдойт;
- Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын консолидацияланган бюджетин түзүүнү жана аткарууну координациялайт;
- облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын региондук саламаттык сактоо органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына караштуу саламаттык сактоо боюнча координациялык комиссиялар аркылуу менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын ишин контролдоону жүзөгө ашырат;
- секторлор аралык координациялоону, ошондой эле саламаттык сактоо жаатында улуттук, мамлекеттик жана максаттуу программаларды ишке ашыруу боюнча коомдук уюмдар, жарандык секторлор жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен эриш-аркак иштөөнү жүзөгө ашырат;
- республиканын аймагын карантиндик жана өзгөчө кооптуу ооруулардын кирүүсүнөн жана жайылуусунан санитардык коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү координациялайт;
- санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнү жана инфекциялык оорулардын, тамак-аштан уулануулардын болушун өз учурунда токтотуу жана жоюу боюнча эпидемияга каршы, алдын алуучу иш-чараларды уюштурууну координациялайт;
- патогендик микроорганизмдер менен иштеген лабораториялардын биологиялык коопсуздугун камсыздоо ишин координациялайт;
- Кыргыз Республикасынын калкын жана саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттары менен камсыздоо, дары каражаттарын чыгаруу жана алар менен калкты жана саламаттык сактоо уюмдарын камсыздоо жаатында ата мекендик фармацевттик өндүрүш менен эриш-аркак иштөөнү уюштуруу, Өтө маанилүү дары каражаттарынын тизмесин түзүү боюнча иштерди координациялайт;
- саламаттык сактоо уюмдарынын кайсыл булактан сатып алганына карабастан дары каражаттарын сарамжалдуу пайдаланууга контролду камсыз кылат;
- жогорку технологиялар фондунун, техникалык тейлөө фондунун, эпидемиологиялык фонддун жана борборлоштурулган иш-чаралардын каражаттарын максаттуу пайдаланууну контролдойт;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 647 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- саламаттык сактоо уюмдарынын адистерин, жетекчилерин аттестациялоону контролдойт;
- мамлекеттик заказды аныктайт жана менчигинин түрүнө, ведомстволук таандыктыгына карабастан медициналык, фармацевттик кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо жаатындагы иштерди координациялайт;
- менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан дипломго чейинки жана дипломдон кийинки, кошумча медициналык, фармацевттик билим берүү жана медициналык илим маселелерин координациялайт, медициналык билим берүү уюмдарында бирдиктүү мамлекеттик билим берүү стандарттарын, окуу пландарын жана программаларды иштеп чыгуу үчүн сунуш киргизет;
- саламаттык сактоо жаатында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнү координациялайт, саламаттык сактоо жаатында илимий жана практикалык иштердин уланмалуулугун камсыз кылат;
- саламаттык сактоо боюнча координациялык жана башка комиссияларды, кеңештерди жана штабдарды түзөт жана ишине катышат;
- ата мекендик дары каражаттары менен медициналык буюмдарды чыгарууну өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт;
4) кызмат көрсөтүү функциясы:
- калктын саламаттыгын чыңдоо, сергек жашоо образын түзүү, өзүнүн жана башка адамдардын ден соолугуна жарандардын жоопкерчиликтерин жогорулатуу үчүн жарандык коомду, жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) колдоо функциясы:
- саламаттык сактоо уюмдарынын инфратүзүмүн жана материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча иш-чараларды камсыз кылат;
- башка министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга байланышкан маселелерди чечүүгө катышат, жабыркагандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү уюштурат, тынчтык жана согуш мезгилинде калкты медициналык жактан камсыз кылуу боюнча мобилизациялык даярдыкты жүргүзөт;
- тейленүүчү маселелерди кароодо сот органдарында жана башка мамлекеттик органдарда белгиленген тартипте Министрликтин кызыкчылыгын коргойт;
- каржылоо булагына, саламаттык сактоо секторуна келип түшкөн гуманитардык жардамдарга, гранттарга жана кредиттерге карабастан финансылык каражаттардын түшкөнүн жана пайдаланууну эсепке алууну уюштурат жана аларды саламаттык сактоо системасында пайдалануу боюнча бухгалтердик жана финансылык отчет берүүнү камсыздайт;
- саламаттык сактоо системасынын маалыматтык-коммуникациялык технологияларын өнүктүрүүнү жана колдоону камсыздайт;
- товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө керектөөлөрдү аныктайт жана тендердик негизде аларды борбордук сатып алууну жүргүзөт;
- өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде көрсөтөт, башка мамлекеттердин саламаттык сактоо органдары, эл аралык уюмдар менен байланыштарды түзөт жана өнүктүрөт;
- Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашыруучу саламаттык сактоо уюмдарын республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен беренесиз негизде каржылоону камсыз кылат;
- Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашыруучу саламаттык сактоо уюмдарынын финансылык туруктуулугун жана финансылык тобокелдиктерин минималдаштырууну камсыз кылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 647, 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 208, 2023-жылдын 25-октябрындагы № 573, 2025-жылдын 20-февралындагы № 84 токтомдорунун редакцияларына ылайык)