Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 139 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 2-декабры № 287
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 498 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы № 515 “Бишкек-Сити” эл аралык ишкердик борборун куруу” долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу үчүн, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө жобо (мындан ары - Мамлекеттик дирекция) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 498 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция ишин координациялоо боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) 2-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 498 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Мамлекеттик дирекциянын штаттык саны 6 бирдик санында 3-тиркемеге ылайык;
2) Мамлекеттик дирекциянын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү 4-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 498 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборунун аймагында объектилердин курулушу инвесторлордун каражаттарынын эсебинен, анын ичинде чет элдик, эл аралык гранттардын, техникалык көмөк көрсөтүү каражаттарынын, кайрымдуулук жардамдардын, кредиттердин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылышы;