Загрузка документа…
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын
29-июнундагы № 445 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр
2026-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет
8-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана
метрология борбору жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 613, 2023-жылдын 17-февралындагы № 78, 2023-жылдын 28-февралындагы № 107, 2025-жылдын 27-февралындагы № 95, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 217, 2025-жылдын 9-октябрындагы № 652 , 2026-жылдын 29-июнундагы № 445 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун (мындан ары – Кыргызстандарт) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Кыргызстандарт Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун укугун улантуучу болуп саналат.
3. Кыргызстандарт стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук органдын функцияларын ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук түзүмү статусунда иштөөчү Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
4. Кыргызстандарт өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Кыргызстандарт мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, бизнес-коомчулук, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү аркылуу иштейт.
6. Кыргызстандарт юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, обочолонгон мүлкү, банктарда жана казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсеби, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана расмий жана мамлекеттик тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү башка мөөрлөрү, штамптары, бланктары бар.
Кыргызстандарттын уюштуруу укуктук формасы – оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
7. Кыргызстандарттын толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор»;
– расмий тилде: «Центр по стандартизации и метрологии при Министерстве экономики и коммерции Кыргызской Республики».