Загрузка документа…
|
| 9-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансы академиясы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы N 150, 2026-жылдын 12-февралындагы № 94 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансы академиясы жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансы академиясынын (мындан ары - Финансы академиясы) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Финансы академиясы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун укук улантуучусу болуп саналат.
3. Финансы академиясы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары - Финансы министрлиги) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
4. Финансы академиясы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Финансы министрлигинин чечимдерин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Финансы академиясы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, жарандар, юридикалык жактар жана Финансы министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук, аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенет.
6. Финансы академиясы өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы жазылган мөөрү бар.
Финансы академиясынын уюштуруу-укуктук формасы - оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме. Финансы академиясы ага бекитилген мүлккө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун жүзөгө ашырат.
7. Финансы академиясынын толук расмий аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансы академиясы";
2) расмий тилде: "Академия финансов Министерства финансов Кыргызской Республики";
3) англис тилинде: "Academy of Finance of the Ministry of Finance of the Kyrgyz Republic".
8. Финансы академиясынын кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "КР ФМ Финансы академиясы";
2) расмий тилде: "Академия финансов МФ КР";
3) англис тилинде: "Academy of Finance of the MF KR".
9. Финансы академиясынын юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58А.
2-глава. Финансы академиясынын максаты
10. Финансы академиясынын ишинин максаты Финансы министрлигинин системасынын, мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук жана жеке мекемелердин кызматкерлерин окутуу жана билим деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу чөйрөсүндө илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү болуп саналат.
Финансы академиясы бирдиктүү окуу-илимий-өндүрүштүк комплекс катары иш алып барат.
3-глава. Финансы академиясынын милдеттери
11. Финансы академиясынын негизги милдеттери:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин системасынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук жана жеке мекемелердин кызматкерлерин төмөнкү маселелер боюнча окутуу жана кайра даярдоо болуп саналат:
- мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу;
- финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары;
- мамлекеттик башкаруу секторунда ички аудиттин стандарттары;
- мамлекеттик сатып алууларды (уставдык капиталындагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын жана чарбакер коомдордун), эл аралык сатып алууларды, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды башкаруу;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелеринин финансылык-чарбалык ишинин борборлоштурулган бухгалтердик эсебин автоматташтыруу;
- салык төлөөчүлөрдүн кабинети системасындагы эсепке алууну жана отчеттуулукту автоматташтыруу;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана Финансы министрлигинин компетенциясына кирген башка багыттар боюнча;
2) колдонмо илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
3) окутууда жаңы илимий жетишкендиктерди жана технологияларды колдонуу;
4) мамлекеттик финансы чөйрөсүндө илимий долбоорлорду иштеп чыгуу;
5) тажрыйба алмашуу жана илимий долбоорлорду бирге аткаруу үчүн өлкөнүн аймагындагы жана чет өлкөлөрдөгү башка билим берүүчү жана илимий мекемелер менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү;
6) мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук жана жеке мекемелердин суроо-талаптары боюнча максаттуу изилдөөлөрдү жүргүзүү;
7) мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин жана мамлекеттик башкаруу секторунун, коомдук жана жеке мекемелердин башка кызматкерлерин даярдоо, кайра даярдоо, ошондой эле квалификациясын жогорулатуу үчүн илимий-изилдөө жана окуу-методикалык куралдарды иштеп чыгуу.