Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-апрелиндеги N 184 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 30-сентябры № 191
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021/2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 234 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2020/2021-жылдардагы күз-кыш мезгилине өз убагында жана сапаттуу даярдоону жана туруктуу өтүүсүн камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Министрликтер жана ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча):
- алдыдагы 2021/2022-жылдардагы жылытуу мезгилинин башталышына мекемелердин, анын ичинде билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо жана маданият объекттеринин от казан жана жылуулук механикалык жабдууларын оңдоо иштерин бүткөрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте калкка көмүр жеткирүүнүн бекитилген графиктерин аткарууну жана зарыл болгон санда отун базаларын жана көмүр сатуу, анын ичинде бийик тоолуу жаратылыштык-климаттык оор, ыңгайсыз шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы аймактарда жашаган адамдарды көмүр менен камсыз кылуу үчүн көчмө пункттарды ачууну камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция белгиленген тартипте мекемелердин энергетикалык объекттерин, от казандарын жана жылуулук механикалык жабдууларын коопсуз эксплуатациялоону контролдоону жана көзөмөлдөөнү камсыз кылсын.
3. Төмөнкүлөр сунушталсын:
1) “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ачык акционердик коомуна:
- “Электр станциялар” жана “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомдору менен биргеликте Борбордук Азия мамлекеттеринен жана Россия Федерациясынан 2022-жылга 2,0 млрд кВт сааттан кем эмес көлөмдө электр энергиясын импорттоо маселесин кароо;
- “Кыргызстан улуттук электр тармагы”, “Түндүк электр” жана “БМЗ” ачык акционердик коомдору менен биргеликте 110/6 кВ “Ленин заводу” подстанциясын калыбына келтирүү жолу менен иштеп жаткан тармактардын жүктөмүн бошотуу жөнүндө маселени иштеп чыгуу;
- “Түндүк электр” жана “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомдору менен биргеликте 110 Кв “Озерная” жана “Ипподром” подстанцияларын кыска мөөнөттүн ичинде куруу жөнүндө маселени белгиленген тартипте иштеп чыгуу;
2) “Кыргызстан улуттук электр тармагы”, “Түндүк электр”, “Чыгыш электр”, “Ош электр” жана “Жалалабат электр” ачык акционердик коомдоруна Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары менен биргеликте электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөө лимиттеринен ашууга жол бербөө боюнча чараларды көрүү;