Редакцияот 17.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 17-декабры № 315

Теңдөөчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоо тартибин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасында теңдөөчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоо тартибин, мамлекеттик финансыларды башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 54-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Теңдөөчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-июнундагы № 321 “Теңөө трансферттеринин көлөмдөрүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;

2) “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-июнундагы № 321 “Теңөө гранттарын эсептөө ыкмасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 18 токтому.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Төрага

А.У. Жапаров