Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 8-октябры № 203
Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалынын маселелерин жөнгө салуу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 590, 2026-жылдын 5-мартындагы № 148 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 4 "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында, "Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү, алмаштыруу, токтотуу жана андан ажыратуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартиби:
- төмөнкүдөй мазмундагы 171-пункт менен толукталсын:
"171. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусуна ээ болгон чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып токсон жумуш күндүн ичинде төмөнкү документтерди берүү менен келген жери боюнча катталууга милдеттүү:
- чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун алган чет өлкөлүк жарандын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери тарабынан таризделген арызын;
- өкүл кайрылган учурда, арыз ээсинин атынан өтүнүч менен кайрылуу укугуна ишеним катты;
- чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин жарактуу документин;
- чет өлкөлүк жарандын жарактуу паспортун же эгерде Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ким экендигин ырастоочу башка документи;
- турак жайдын ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугун жана анын паспортун, анын катышуусу мүмкүн болбогон учурда, ушул Тартиптин 13-пунктунда белгиленген тартипте менчик ээсинин макулдугу берилет;
- мамлекеттик алымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн, берилген документтер автоматташтырылган маалыматтык системага киргизүү үчүн сканерленет, документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылууга тийиш.
Келген жери 30 календардык күндөн ашык мөөнөткө өзгөргөн учурда, чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун алган чет өлкөлүк жарандар жаны келген жери боюнча каттоо тууралуу арыз менен калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кайсы болбосун аймактык бөлүмүнө кайрылууга милдеттүү.".