Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-декабры № 689
Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449 , КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 349 , 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын келишин тартипке салуу максатында, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды турган жери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, ошондой эле мейманканаларда каттоодон бошотуунун мөөнөтү көрсөтүлгөн чет мамлекеттердин тизмеси (мындан ары - Тизме) 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартиби (мындан ары - Тартип) 2-тиркемеге ылайык.
2. Тизмеге киргизилбеген чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген Тартипке ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып беш жумуш күндүн ичинде каттоо жол-жобосунан өтүүгө милдеттүү.
3. Ушул токтом күчүнө киргенге чейин каттоо мөөнөтүн бузган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн ушул токтом менен белгиленген каттоо мөөнөттөрү колдонулат.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 200 "Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагында каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-октябрындагы № 565 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту.
6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 13-январынан баштап күчүнө кирүүчү Тартиптин 3-главасынан тышкары, 2016-жылдын 19-декабрынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
1-тиркеме