Загрузка документа…
|
| 6-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 231, 2023-жылдын 24-июлундагы № 366, 2024-жылдын 23-июлундагы № 410, 2025-жылдын 8-декабрындагы № 782 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы (мындан ары - Кызмат) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин (мындан ары - Министрлик) экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүргүзүүчү ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
Кызмат Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Экологиялык контролдоо мамлекеттик инспекциясынын укук улантуучусу болуп саналат.
2. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин чечимдерин, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кызмат өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык жана башка уюмдар, Министрликтин борбордук аппараты жана түзүмдүк бөлүмдөрү, ошондой эле Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенет.
4. Кызмат юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы бар мөөрү, белгиленген үлгүдөгү башка мөөрлөрү, штамптары жана бланктары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш эсеби бар. Мамлекеттик мүлк ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилет.
5. Кызмат өз ишин Министрликтин жетекчилиги астында жүзөгө ашырат жана башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет.
6. Кызматтын уюштуруучулук-укуктук формасы мамлекеттик мекеме болуп саналат.
Кызматтын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл боюнча министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы";
- расмий тилде: "Служба экологического и технического надзора при Министерстве природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики".
Кызматтын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде "ЭТКК";
- расмий тилде: "СЭТН";
7. Кызматтын юридикалык дареги: 720055, Бишкек шаары, Горький көчөсү, 142.